Өзгөндө сентябрь айында 349 гектар сугат жер суу менен камсыз болот

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Ош облусуна жасаган иш сапарында Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылындагы каналдын курулушу менен таанышты.

Өкмөткө караштуу Суу ресурстары агенттигинин маалыматы боюнча, Ана-Кызыл айылындагы каналдын жалпы узундугу 9,1 чакырымды түзүп, 349 гектар жер суу менен камсыздалмакчы.

“Ирригация тутумун өнүктүрүү – Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты. Ирригация тутумун жакшыртуу азык-түлүк коопсуздугун алдын алууну жана мал чарбачылыгы үчүн тоют базасын түзүүнү шарттайт. Президент жана Өкмөт бул тармакты өнүктүрүүгө  өзгөчө көңүл бурууда. Аталган багыттагы иштер мындан ары да улантылат”, – деп билдирди Алмазбек Баатырбеков.

Биринчи вице-премьер-министр ошондой эле Өзгөн шаарындагы саркындысууларды тазалоочу курулма орнотулуучу жер тилкесин көрдү.

Белгилей кетсек, Өзгөн шаарында канализация системасын реабилитациялоо жана таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча долбоор жүзөгө ашырылууда. Шаардын суу түтүктөрү эскиргендигине байланыштуу жаңылоо иштери жүргүзүлөт. Бул жумуштарды аткара турган компанияны тандоо үчүн тендер өтүп, келишимдер түзүлдү. Планга ылайык, Өзгөн шаарынын канализация системасын реаблитациялоо иштери 2022-жылы аяктайт.

Биринчи вице-премьер-министр калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын жакшыртуу аймактарды өнүктүрүүнүн негизин түзөрүн белгиледи.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Шайлоо боюнча жыйын өткөрдү

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.