Өзгөндө мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

8-август күнү саат 11:45 чамасында, Бишкек-Ош эл аралык маанидеги автожолунун 612-чакырымында, Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө, Өзгөн районунун тургуну 1971- ж.т. мүмкүнчүлүгү чектелген А.Д. жолдун четинде коляскада бара жаткан учурда артынан жеңил унаа сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бул тууралуу Өзгөн РИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Натыйжада жаран денесинен жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган. Ал эми ал бара жаткан коляска сынып жарактан чыккан.

9-августта, жүргүзүлгөн ыкчам иш аракетердин натыйжасында Өзгөн райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн издөө боюнча инспектору Калилбай уулу Аскат тарабынан качып жүргөн айдоочу Өзгөн районунун тургуну 1974- ж.т. К.К. “Дэу-Матиз” улгүсүндөгу автоунаасын үйүнүн сарайына токтотуп койгон жеринен кармалган.

Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Кармалган автоунаа ЖКККнын айып короосуна токтотулуп, айдоочу Өзгөн РИИБнүн тергөө кызматына жеткирилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.