Өзгөндөгү кырсык боюнча президенттин кайрылуусу: Малдын башы баланын башынан да артыкпы? Видео

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөндөгү жер көчкүгө байланыштуу элге кайрылуу жасады. Анда ал көчкү жүргөн айылга эскертүү болгонун, бирок жашоочулар ага көңүл бурбай койгонун билдирди.

“Бүгүн, Кыргызстанда кайрадан, тилекке каршы, көчкү болуп, Өзгөн районундагы кичинекей айылдын ончакты үйүн басып калды. Бирок баарынан кейиштүүсү 2-3 күн мурда барып, көчкүлө десе укпай, көчпөйбүз деп, такыр болбой коюптур”,-деп өкүнгөнүн билдирди.

Буга кошумчалап, кырсыкка кабылгандарга көңүл айтып: “Макул, көчкүң келбей атса, анда балдардын эмне убалы бар?!. Малдын башы баланын башынан артыкпы?!. Малдын жаны баланын жанынан артыкпы?!. Ошол балдарың аман калса, малыңды да сатып бермек, ишкер болмок, мүмкүн президент болмок!”,-деди. Видеосун көрүңүз:

Атамбаев ошондой эле, башка кооптуу жерлерде жашап жаткандарды мамлекеттик бийликтин эскертүүлөрүнө көңүл буруп, адам өмүрүн сактоого чакырды.

Ошондой эле мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Аза күтүү күнүн жарыялоо жөнүндө жарлык даярдалып жатканы кабарланды. Кайсы күн экени азырынча белгисиз.

Бүгүн 29-апрелде, эртең менен Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 11 турак үйдү басып калган. Анын төртөө жаңы салынгандыктан, эч ким жашаган эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча болжол менен 24 жаран көчкү алдында калып калышкан: алардын 2өө эмгек ардагери, 11и орто курактагылар, 6 окуучу жана 5өө мектепке чейинки балдар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.