Өзгөндөгү көчкүдөн жабыркагандарга мектептер бүткөрүлүп бериле элек

Өзгөндөгү жер көчкү жабырлануучуларынын жаңы конушунда мектеп курулушу кечеңдөөдө. Ынтымак жана Ана-Кызыл айылдарындагы билим берүү мекемелери былтыр жыл аягында пайдаланууга берилиши керек эле. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн бир ай өтсө да, курулуш эми ортолоду.

Ынтымак айылындагы мектептин курулушу өткөн жылдын октябрь айылында башталган. Андан бери 50 пайызга аяктап калды. Мектеп эки кабаттан туруп, 275 орунга ылайыкташтырылууда. Курулушчу  Давлатбек Орозбаевдин билдиришинче, мектепке тандалган  тилке 9 баллдан ашуун жер титирөөгө туруштук бере алат. Ошон үчүн курулуштун долбооруна өзгөртүүлөр киргизилди. Ушул өзгөртүүлөргө байланыштуу билим берүү мекемесин бүткөрүү артка жылдырылган.

Ал эми Ана-Кызыл айылына курулуп жаткан билим берүү мекемеси өткөн 2017-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилиши керек эле. Бирок салынып жаткан мектептин эми экинчи кабаты түптөлүп, алдыда тамын жабуу, бөлмөлөрдү ремонттоо иштери турат.

Мынтип объектилердин курулушу кеч жүрүп жатканына байланыштуу эки айылдын балдары 3-4 чакырым алыста жайгашкан мектептерге каттап билим алышууда. Аларга жергиликтүү бийлик тарабынан маршруттук каттамдар уюштурулган. Унаалар окуучуларды сабагына жеткирип, кайра бүткөндө үйлөрүнө алып келип коюшат.

Сөз болуп жаткан эки мектептин курулушунан вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев кабар алды. Ал капиталдык курулуш башкармалыгына мекемелерди ылдам жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди. Ал эми зарыл делген каражаттар мамлекеттик казындан бөлүнүп берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.