Өзгөндө 340 гектар айдоо жер жана бакты суу каптады

10-апрелден  11-апрелге караган  түнү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Өзгөн районунун  Кара-Дарыя сайындагы суунун деңгээли көтөрүлүп кеткен. Анын кесепетинен Баш-Дөбө жана Шералы   айылдарын  суу каптоо коркунучу жаралууда.  Учурда аталган аймакта жалпы  аянты 341 гектарга  жакын  үлүш  жер суу алдында калып, 18 турак үйгө кооптуу жагдай жаралып жатат.  Таш-Дөбө айылына Өзгөчө Кырдаалдар министирлиги тарабынан бир нече оор техника тартылып абалды жөнгө салуу аракетин көрүшүүдө.  

Өзгөндүн Баш-Дөбө  жана Шералы айылдарындагы үлүш жерлер нөшөрлөгөн жаандан улам суу алдында калды.  Катуу жааган жаан 100 гектардан ашуун бакты  жана “Өзгөн Девзара” кооперативине таандык 200 гектардан ашуун айдоо аянтын каптаган.  Мындан сырткары агын суу турак уйлөргө да жакындап, 18 кожолукка жана табигый жээкти жеп кетүү  коркунучу жаралууда. Эми айдап себүү мезгилинин жакындашы менен жерди кандай иштетебиз деп жергилитүү дыйкан Аман Нишамбаев кабатыр.

   “Суу башында сайдан түз кетчүү эле. Беш-алты жыл мурун да жууп кетип, кийин дамба курулуган эле. Кайсы тараптан шагыл алынса, суу ошол жакка бурулуп, нугунан чыгып келип атат. Азыр эми мына эгин эгели деп турсак, суу каптап кетти. Эми эмне болот белгисиз”, – дейт дыйкан.

Учурда Кара-Дарыя сайынын жээгине бир нече оор техника тартылып, атайын тосмолорду куруу аракеттери жүрүүдө. Адистер суунун ашып кетишине тынбай шагыл казылып жатканы себеп дешет.

   “Эгерде сайдын жээгинен шагыл-таш  алынбаганда суунун нугу деле бурулбайт эле. Негизинен агын суунун үлүш жерлерге кирип кетишине элдер өздөрү күнөөлүү. Азыркы учурда эми суу жиреп кеткен жерлерге таштарды төгүп, сайды кайра өз нугуна түшүрүү аракетин көрүп жатабыз”,- дейт ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы  Ормонбаев.

Өкмөттүн Ош обулсундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев сай жээгинен шагыл казбоо боюнча жобо иштелип чыкканын, тийиштүү көзөмөл башталганын билдирди.

Азыркы тапта Кара-Дарыя суусунун көлөмү 54 кубдан ашуун дешет адистер. Бирок  күн жылыган сайын суу көбөйгөндүктөн, кооптуу жерлерге дамба куруу муктаждыгы бар. Ал үчүн 8 чакырым узундуктагы дарыянын эки жээги тосулууга тийиш. Бирок ӨКМдин басма сөз катчысы Авазбек Айтиев маалымдагандай,  азырынча  аталган министирликте  дамба курууга каражат жетпейт.

   “Баш-Дөбө жана Шералы айылдарын басып өткөн  Кара-Дарыя суусунун жээктерин бекемдеш үчүн жалпы узундугу он алты чакырымды түзгөн  дамба куруу керек. Буга 600 млн сом  талап кылынат. ӨКМде анчалык каражат  жок. Эгер мамлекет акча бөлсө, ӨКМ курулушту баштоого даяр. Азыркы  учурда  эки жүз метрлик убактылуу дамба тургузулуп жатат,  бирок ага деле ишенич жок”, – деп билдирди Айтиев.

Бул маалыматты “Сорос-Кыргызстан” фондунун редакциялар аралык тажрыйба алмашуу долбоорунун катышуучусу, Ысык-Көл облустук  мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Адилет Иманов  даярдады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.