Өзгөн: жер көчкүдөн жабыркаган айылга чатырлар жиберилди

Өзгөндөгү жер көчкү түшкөн Аюу айылына 30 чатыр жиберилди. Кошумча ашкана буюмдары жана тазалык каражаттары жеткирилип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Азыркы тапта жер көчкү басып калган 24 тургунду 100 дөй куткаруучу издеп жатат. Кошумча дагы 30дан ашуун кызматкерлер тартылды. Көчкү алдында калгандардын жабыркаганы тууралуу азырынча маалымат жок.

29-апрель күнү айылда жер көчкү түшүп, он бир турак жайды басып калган. Анын ичинен төрт үйдө эч ким жашабаганы аныкталды.

Адистер кошумчалашкандай, Аюу айылындагыларга жер көчкү түшүүсү боюнча ушул жылдын март айында эскертүү берилген. Учурда кырсык болгон жерде ӨКМ адистери издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.