
Көчкү алдында калган үйдүн ичинде ээси да болушу мүмкүн экени айтылууда.
ӨКМ билдиргендей, 14-апрель күнү саат 24:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылындагы Ындыбай тилкесинде жер көчкү бир турак-жайды басып калган.
Ал участок башта кооптуу аймак деп табылган эмес.
Үйдүн ичинде Касымов Суйунбек атуу жаран жалгыз жашап келгендиги аныкталган.
Окуя катталган жерде ӨКМдин куткаруучулары иштеп жатат.
- 15.04.2017