
Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркаган Аюу-Сай айылына электр мамычалары орнотулуп жатат. Жабдыктар коюлуп бүткөн соң электр жарыгы берилет. Бул тууралуу “Ынтымакка” Аюу-Сай айылынын башчысы Гапур Бадалбаев билдирди.
Анын айтымында, электр жарыгынан сырткары айылга жол ачуу да зарыл болуп турат. Анткени 29-апрелдеги жер көчкү каттамды тосуп калган. Учурда жолду калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Эске салсак, 29-апрелдеги жер көчкү 11 турак жайды басып калган. Анын ичинен төрт үй-бүлөдө эч ким жашабаганы аныкталган. Жети үй-бүлөдөгү 24 жаран жер көчкүнүн алдында калып кеткен. Бүгүнкү күндө алардын бешөөсү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришүүдө.
- 03.05.2017