Өзгөн: жер көчкү басып калган 24 кишини жүздөй куткаруучу издеп жатат

Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү басып калган 24 тургунду 100 дөй куткаруучу издеп жатат. Кошумча дагы 30дан ашуун адистер тартылды. Көчкү алдында калгандардын жабыркаганы тууралуу азырынча маалымат жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 29-апрель күнү айылда жер көчкү түшүп, он бир турак жайды басып калган. Анын ичинен төрт үйдө эч ким жашабаганы аныкталды.

Адистер кошумчалашкандай, Аюу айылындагыларга жер көчкү түшүүсү боюнча ушул жылдын март айында эскертүү берилген. Учурда кырсык болгон жерде ӨКМ адистери издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.