
Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Көчкү астында калган жаранды издөөго куткаруучулардан сырткары жергиликтүү тургундар да киришишти.
14-апрелде түнкү саат 12:00дө Өзгөн районундагы Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылында узуну 70, туурасы 50 метр, бийиктиги 6 метр жана көлөмү 21000м³ түзгөн жүргөн жер көчкү жүргөн.
Көчкү бир үйдү толугу менен басып калган. Ичинде үй ээси 1961-жылы туулган Касымов Сүйүндүк бар болгон.
Аймакта буга чейин көчкү коркунучу байкалган эмес.
- 15.04.2017