Өзгөн: жер көчкү алдында калгандарды издөө токтотулду

Өзгөн районунун Аюу-Сай айылында жер көчкү алдында калган жарандарды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

4-майда каза болгондордун жакын туугандарынын,жергиликтүү бийликтин макулдугу жана Аалымдар кеңешинин чыгарган фатвасы эске алынып издөө токтотулду.

Жер көчкү алдында калган адамдардын сегизинин сөөгү табылды. Калган 16 тургундун жасаатын издебей турган болушту.

 

Эске салсак, 29-апрелде Аюу-Сай айылында жер көчүп, 24 адамды басып калган. Андан берки издөө иштеринин натыйжасында сегиз адамдын сөөгү табылды. 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.