Өзгөн районунда көчкү басып калган үчүнчү адамдын сөөгү табылды

Өзгөн районунда көчкү басып калган үчүнчү адам – 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын сөөгү табылды.  Бул тууралуу “Ынтымакка” ӨКМдин Ош облусундагы башчысы Дайырбек Каримов билдирди.

Анын айтымында, жасаты табылган 20 жаштагы кыздан сырткары, атасы көчкү астында калган деп күмөндөлүүдө. Кыздын жансыз денеси саат 17:40тар чамасында издөө иштеринин жүрүшүндө табылган. Азыр атасынын сөөгү изделип жатат.

Буга чейин Абдисалам Ризабаевдин он эки жана эки жаштагы кыздарынын сөөктөрү табылган болчу.
Эскерте кетсек, 29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 200 миң метр куб болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды 24 жашоочусу менен басып калган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.