Өзгөн: көчкү жүргөн жерде дарыгерлер тобу иштөөдө

Өзгөндөгү жер көчкү жүргөн Аюу-Сай айылында 15 дарыгер иштеп жатат. Ушул тапка чейин көчкү алдында калгандардын жакындарынан 35ин карашты.

Жеринен кабарчыбыз Нуржамал Баргыбаева билдиргендей, көпчүлүгү жогорку кан басым менен кайрылууда. Психолог, невропатологдордон турган дарыгерлер тобу азыр абал кечээкиге салыштырмалуу турукташканын кабарлашкан.

Оор абалдагы жабырлануучу жок.

Эскерте кетсек, 29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 200 миң метр куб болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды 24 жашоочусу менен басып калган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.