Өзгөн: көчкү коркунучунда жашап жаткан тургундарга 42 гектар жер тилкеси бөлүнөт

Өзгөн районунун Аюу-Сай айылында жер көчкү коркунучунда жашап жаткан 69 кожолукка 42 гектар жер тилкеси бөлүнөт. Учурда жерди трансфармациялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Ынтымакка” Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмухаммед Бокошов билдирди.

Айтымында, жер тилкелери такталып бүткөндөн кийин тургундардын көчүрүлөрү анык болот. Жер көчкү коркунучунда жашап жаткандардын абалынан кабар алган биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазыев да кооптуу аймакта жашап жаткандарга тез арада тилкелер бөлүнүп берилүүсүн тапшырды.

Адистер кошумчалашкандай, чатырларда жашап жаткандарды тез арада көчүрбөсө суук аба ырайынан улам ооруп калышы мүмкүндүгүн айтышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.