Өзгөн: көчкүдөн жабыркагандарга эсеп ачылат

Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыркагандар үчүн атайын эсеп ачылат. Элден чогулган акча көчкү алдында калып, каза болгондордун жакындарына берилмекчи. Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмуханбет Бокошев “Ынтымакка” билдиргендей, каржылай жардам үйсүз калгандарды турак менен камсыздоо максатын көздөйт.

Демилге өкмөттүк деңгээлде көтөрүлүп, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер ишке ашса, өлкөдөгү бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери бир күндүк маяналарын которушу мүмкүн. Азырынча атайын эсеп кайсыл мекеменин алдында ачылаары анык эмес.

Эскерте кетсек, 29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 200 миң метр куб болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды 24 жашоочусу менен басып калган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.