Өзгөн: көчкү астында калгандарга бүгүн жаназа окулат

Өзгөндөгү жер көчкү алдында калгандарды издөө токтотулуп, жаназа түшүрүлөт. Мындай чечим аалымдар кеңешинин чыгарган фатвасынын негизинде кабыл алынды.

Учурда биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жер көчкү катталган Аюу-Сай айылына барды. Анын катышуусунда көчкү астында калгандарга жаназа түшүрүлөрү күтүлүп жатат.

Эскерте кетсек, 29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 200 миң метр куб болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды 24 жашоочусу менен басып калган. Издөө иштеринде үч адамдын сөөгү табылган. Калгандардын сөөктөрү табылбаганына байланыштуу көчкү баскан жайды көрүстөн кылып калтыруу сунушу кабыл алынды.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.