
Бүгүн, 3-майда Өзгөндүн Ийри-Суу айылындагы жер көчкү коркунуч жараткан турак жай ээлери көчүрүлөт. Көчкү жакындап калган аймакта алты үй-бүлө жашайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
“2-майда Ийри-Суу аймагынын Кара-Колот айылында жер көчкү түшүп бир үйдүн сарайын бузуп кеткен. Дагы алты үйгө коркунуч жараткан. Кооптуу аймакта жашагандарды бүгүн көчүрөбүз”,-деп белгилешти министрликтин маалымат кызматы.
Кошумчалашкандай, буга чейин эки турак жайдын тургундары коопсуз аймакка көчүрүлгөн болчу.
- 03.05.2017