Өзбекстанда тасмадагы ачык көрүнүштөрдү эфирден көрсөткөн телеканалдын жетекчиси иштен алынды

Өзбекстанда “Баунти” тасмасындагы ачык көрүнүштөрдү кеспей туруп эфирден көрсөткөнү үчүн “Кинотеатр” телеканалынын жетекчилеринин бири кызматтан алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги кабарлады.

Буга чейин телеканалдын эфиринде ачык сценалар көрсөтүлгөнүнө укуктук баа бериле турганы кабарланган.

Агенттиктин маалыматына караганда, 31-январда эфирге чыккан бул көрүнүш боюнча талкуудан кийин “Кинотеатр” телеканалынын жетекчилеринин бири менен эмгек келишими жокко чыгарылып, башкы директоруна сөгүш жарыяланган.

“Телеберүүлөрдүн деңгээли көркөм кеңеште эксперттердин катышуусунда талкууланды. Мындан ары мындай окуяларды болтурбоо үчүн уюштуруучулук, чыгармачыл жана техникалык чаралар кабыл алынды”, — деп жазылган агенттиктин билдирүүсүндө.

Жаңы зеландиялык режиссер Роджерс Дональдсон 1984-жылы тарткан “Баунти” тасмасы деңиз саякатына арналган.

Өзбекстанда быйыл 14-январда “Сабрия” сериалында кыздын зордукталган учуру ачык көрсөтүлгөнү үчүн “Севимли” телеканалынын башкы директору менен башкы редактору иштен алынып, сериалды көрсөтүү токтотулган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.