Өзбекстанда “Манас” эпосунун өзбекче котормосу жарык көрдү

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапары учурунда белгилүү болду.

5-октябрда Ташкентте Алмазбек Атамбаевге өзбек лидери Шавкат Мирзиёев “Манастын” өзбекче котормосунун биринчи нускасын белекке берди.

Мирзиёев “Манас” эпосу өз өлкөсүндө белгилүү экенин жана бир гана кыргыздардын эмес, жалпы түрк элдеринин сейрек кездешүүчү эстелиги экенин белгиледи.

Өзбек тилине “Манас” эпосунун жазуучу Бексултан Жакиев жазган кыскартылган варианты которулган.

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.