Өзбекстанда электр менен камсыздоо 70% калыбына келтирилди

Өзбекстанда 26-январь 09:30га карата электр энергиясы 70% калыбына келтирилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Эльмира Бекмурадова билдирди.

Шейшембиде Энергетика министрлигинин өкүлү энергетика системасындагы авариядан улам газ өндүрүү азайып кеткенин кабарлаган.

Бекмурадова өндүрүлүп жаткан жаратылыш газы жылуулук электр станцияларына, социалдык объектилерге жана калкка багытталарын айтты.

“Буга байланыштуу бүгүндөн тарта автоунааларга газ толтуруучу компрессордук станциялардын ишине чектөө киргизилет”, – деп кошумчалады ал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.