Өзбекстан Тилек Матраимовду Кыргызстанга өткөрүп берди

Кыргыз-өзбек чек арасынан кармалган Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов жана анын жанындагы эки адамды Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКга шилтеме берип Спутник сайты жазды.

Буга чейин Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов кыргыз-өзбек чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан кармалган.

“9-октябрда өзбек чек арачылары Тилек Матраимов, Зиябиддинбек Кочкорбаев жана Махсуд Ахмедов аттуу кыргыз жарандарын Кыргызстанга өткөрүп берди. Аталган адамдар 6-октябрда чек арадан мыйзамсыз өтүп бараткан жеринен кармалышкан”,— деп айтылат маалыматта.

Импичмент, легитимдүүлүк. Учурда көп колдонулуп жаткан сөздөрдүн түшүндүрмөсү

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.