
Өзбекстан 16-марттан тарта Казакстан менен эл аралык туруктуу автобус каттамдарын калыбына келтирүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалымат кызматынын кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Өзбекстандын Транспорт министрлиги Казакстан аркылуу Орусиядан Кыргызстанга транзиттик автобус каттамдарын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы автобус байланышы коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы 16-мартта токтогон.
- 15.03.2022