
Баткен облусунун жашоочусу өз кызына ыплас мамиле кылгандыгы үчүн 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу КР Жогорку сотунун сайты жазды.
Маалыматта соттолуучу өз кызына 200 сом акча берип, анын жыныстык мүчөсүнө колун тийгизүүгө аракет кылгандыгы айтылат.
Аталган кылмышты изилдөө учурунда 2019- жылдын 15- декабры күнү кылмышка шектүү сабак окуп олтурган кызынын бөлмөсүнө мас абалында кирип, чөнтөгүнөн акча алып чыккан. Андан соң “Акча керекпи?” деп акчаны ыргыткан да, күч колдонуп кызды керебетке жаткызып, шымын чечип, ыплас иш жасоого аракет кылган. Бактыга жараша соттолуучунун улуу кызы жана аялы келип калып, кылмышкер өз каалоосун ишке ашыра алган эмес.
Экспертизанын жыйынтыгы жабырлануучунун анча оор эмес жаракат алгандыгын аныктаган.
Натыйжада шектүү 7,5 жылга абакка алынды.
- 17.02.2020