Юстиция министрлиги жарандарды «абхаз» автоунааларын сатып алуудан баш тартууга чакырат

Өлкөнүн Юстиция министрлиги Кыргызстандын жарандарын «абхаз» номери менен алып келинген автоунааларды сатып алуудан баш тартууга чакырат. Мындай билдирүү Мамлекеттик каттоо кызматынан белгилүү болду.

Бул унаалар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен республиканын аймагына алып келингендиктен, каттоого коюлбайт.

Ошондой эле, Кыргызстандын аймагында «оң рулдуу» унааларды баштапкы каттоого да тыюу салынган.

Ошону менен бирге министрлик КРнын нотариустары «абхаз» номери менен алып келинген автоунаалар менен байланышкан ишеним каттарды тариздѳѳ боюнча нотариалдык аракеттерди жасабоосун талап кылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.