Ысык- Көлдө кар көчкү боюнча жыйын өтөт

5-декабрдан баштап 9-декабрга чейин Ысык-Көл облусунун Жыргалаң курорттук аймагында кар көчкү коопсуздугу боюнча аймактар аралык жыйын өтөт. Анда кар көчкү көп болгон жерлерде жүргүзүлгөн иликтөөлөр боюнча маалыматтар жана адистердин баяндамалары берилет.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, жыйындын башкы максаты– орус тилдүү адистер менен райдерлердин ортосунда тажрыйба алмашууга шарт түзүү. Жыйынды Кыргызстандагы гиддер биримдиги уюштурууда.

Буга чейин кар көчкү коопсуздугу боюнча эл аралык жыйын өтүп, анда тоо туризми өнүгүп жаткан учурда альпинисттердин, лыжа сүйүүчүлөрдүн жана фрирайдерлердин коопсуздугун камсыз кылуу маселеси талкууланган.

Кыргызстандын бийик тоолорунда чет өлкөлүк туристтер ар түрдүү кырсыктардан улам набыт болгон учурлар кездешип турат.

Сүрөт: Sakal.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.