Ысык-Көлдө бир метр кар жаады. Унаа тайгаланып, бир адам каза тапты

Ысык-Көлдүн Эңилчек айылында 30-апрелге караган түнү бир метр кар жаады. Каттамдын тайгактыгынан унаа кырсыкка учурап, андан бир адам каза таап, бирөө жараат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кардын калыңдыгынан жайлоолорго каттам барбай калган. Мындан улам малчылардын тоюту түгөнүп, 30га жакын майда мал-жандыктар менен эки уй өлгөн. Мындан сыркары беш жылкы кар көчкүнүн алдында калды.

3-майда аймакка жарандык коргонуу адистери тактоо иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишти. Азыркы учурда техникалар менен жолду тазалап жатышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.