Ырчы Айгерим Расул кызы тарыхый тасмага тартылат

Ырчы Айгерим Расул кызы тарыхый тасмада башкы каармандын ролун жаратат. Бул тууралуу ырчы айым инстаграмдагы баракчасына жазды.

Анда маалымдалгандай, тасманы тартуу иштери күз мезгилинде башталат.

“Жаңыл Мырза эпосунун тасмасында башкы каарман катары баатыр кыздын образын жаратып, тарыхый тасмада өзүмдү сынаганы турам. Буйруса, тартуу иштери күз айларында башталып, 2022-жылга чейин уланат. Азыркы тапта сценарий жазылып, даярдыктар башталды”, – деп жазган ырчы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.