
Радио угуп атып, алып баруучуларды ар ким ар кандай элестетет. Үнүн угуп аларды түрдүүчө сүрөттөшөт. Кээлери алып баруучу кыздарды үлпүлдөгөн назик десе, айрымдары оозу оймоктой болгон сулуу дештери мүмкүн. А жигиттердин сүйлөгөндөрүн угуп отуруп, аларды “бука моюн, буура сан”,-деп сүрөттөшсө, башкалары “атка жеңил, тайга чак”, элпек деши ыктымал.
Дегеле радионун ички жашоосу кандай? Алып баруучулар кандай адамдар? Бул суроолорго өзүбүздүн “Ынтымак” радиобуз аркылуу жооп беребиз. Көрүңүз.
- 22.05.2018