
Бүгүн, 6-июнда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Ынтымактын” жамаатына ыраазычылык каттар тапшырылды.
“Дистанттык билим берүүнүн алкагында телесабактарды уюштуруудагы көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдиребиз”, – деди Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.
Эске салсак, биздин телеканал өзбек тилдүү мектептер үчүн сабактарды тартып, эфирден берип келди.
- 06.06.2020