“Ынтымак” 9 жашта!

“Ынтымак” коомдук-регионалдык телерадиокомпаниясынын түзүлгөнүнө быйыл 9 жыл. Медиакомпаниядагы тв, радио, сайт, гезит тынымсыз керектүү, туура жана так, бейтарап маалымат менен калкты камсыздап келет. Телеканалдын мисссиясы – бир гана маалымат менен бөлүшүп тим болбостон, коомдун баардык өкүлдөрүн сапаттуу, бейтарап маалымат менен камсыздоо аркылуу тынчтыкты, биримдикти конструктивдүү диалогду бекемдөө болуп саналат.

“Ынтымак” – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын дал ушул күнү кабыл алган токтомунун негизинде түзүлгөн болсо, 2012-жылдын декабрь айында маалыматтык жана жеткинчектерге арналган таанып – билүүчү теле берүүлөр менен эфирге чыга баштаган. Алгач радио кийин тв жана сайт ишке кирген.Ушул жылдар аралыгында 100гө чукул программалар даярдалып, миңдеген 7 жаштан 70 жашка чейинки курактагы көрөрман, угарман, окурмандарды топтой алды.

Этностор аралык ынтымакты бекемдеп, кыргыз, орус, өзбек тилдеринде чыккан өлкөдөгү жападан жалгыз телеканалды Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана борбор калаабыз Бишкек шаарынын тургундары көрө алышат. Андан сырткары сайтта жайгаштырылган жаңылыктарды дүйнөнүн каалаган бурчунан көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Социалдык тармактар жана Youtube каналы аркылуу да маалыматтар менен бөлүшөт.

Кесипкөй журналисттерден, өз ишин мыкты билген адистерден куралган команда ар дайым маалымат берүүнүн түрдүү инновациялык ыкмаларын колдонуу менен коомубузда өлкөбүздө жана дүйнөдө орун алган ар түрдүү окуялар, көйгөйлүү маселелер, саясат, экономика, коом, маданият, спорт, ден соолук, жаңы технологиялар, билим жана илим сыяктуу ар түрдүү тармактагы болуп жаткан жаңылыктарды чагылдырууда. Көптөгөн ар түрдүү оюн-зоок, көңүл ачуучу, балдарга арналган, маалыматтык, айтор, түрдүү теле берүүлөр, программалар даярдалып, андан сырткары дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 оорусуна байланыштуу аралыктан окуганга мажбур калган окуучулар үчүн дагы жаз айларында теле берүүлөрдү берип келди.

Убакыттын белгилүү бир бүктөмүндөй болгон, айтканга оңой 9 жыл ичинде биз менен бирге болгон ар бир көрүүчүгө, окурманга жана угарманга ыраазчылык билдиребиз! “Ынтымак Медиа” ар дайым сиздер менен!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.