Японияда тайфундун кесепетинен каза болгондордун саны 56га жетти

Япониядагы “Хагибис” тайфунунун кесепетинен каза болгондордун саны 56га жетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда бир топ чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматта жазылгандай, дайынсыз жоголгондордун саны 15 болсо, 204 жаран ар түрдүү жаракаттарды алышкан. 138 миң үй таза суусуз, ал эми 34 миң үй жарыксыз калган.

Нормадан ашык жааган жамгырдын кесепетинен өлкөдөгү 37 дарыянын тосмолору бузулуп, 161 дарыяда суу ташкыны жүргөн.

Тайфундун кесепетинен өзгөчө Хонсю аралындагы жашоочулар жабыр тартышкан. Бул тайфун акыркы 60 аралыгындагы эң катуу тайфун деп бааланууда.

Белгилей кетсек, “Xaгибиc” тайфуну 12-октябрда Япониянын Хонсю аралына түшкөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.