Япония Олимпиада оюндарын жокко чыгарууну карап жатат

Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндары жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу Япониянын башкаруучу Либералдык-демократиялык партиясынын башкы катчысы Тосихиро Никаиге шилтеме берип чет элдик басылмалар жазышууда.

“Эгер бул оюндарды коопсуз өткөрүү мүмкүн болбосо, анда турнир жокко чыгарылышы керек. Эгерде инфекциянын жайылышына себепчи болсо, Олимпиаданын эмне кереги бар? Бул багытта биз чечим кабыл алышыбыз керек”, – деген Никаи.

Өткөн жылы өтүшү керек болгон “Токио-2020” Олимпиада оюндары коронавирус пандемиясына байланыштуу өткөрүлбөй калган. Мындан улам оюндар быйыл, 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөөрү күтүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.