
Японияда унаа тыгындарына каршы адаттан тышкаркы ыкма ойлоп табылды. Борбор калаа Токиодо жергиликтүү метродо эми таң эрте келген жүргүнчүлөргө акысыз тамак берилет.
Тажрыйба Тозай каттамынан башталды. Эртең менен саат 8 ден баштап ал аркылуу бир саат ичинде эле 75 миң адам өтөт.
Эми бул убакыттан эрте келгендерге деңиз азыктарынан улуттук таңкы тамак таратылат. Акцияга 1 миңден ашуун ишканалар кошулду.
Алардын жетекчилери жумушчуларын эртерээк келүүгө же үйдө эмгектенүүгө чакырууда.
- 24.01.2019