Япония: 82 жаштагы диджей аял

Японияда Азиядагы эң улгайган диджей бар. 82 жаштагы Сумиконун музыкага кызыгып, дискотекаларда шоу уюштурганына 10 жылдан ашып калды. Ал жаш кезинен кыялданган тилегин ишке ашырдым дейт.

Япониянын 82 жаштагы тургуну Сумико Ивамуро Азиядагы эң улгайган диджей. Ал бир айда бир жолу Токиодогу клуб ашканасындагы ордун бий аянтчасына алмаштырат.

Бул аял бир топ жылдардан бери ушундай жашоо образын кечирип келет. Ал клубда музыка коюп, диджейлик пультта олтурганда, өзүн сууда сүзгөн балык сымал элестетет.

Сумико Ивамуро, диджей:

Бир эле технону коё берген зээригиштүү болуп кетет. Ошондуктан кээде Джаз, француз шансонун кошуп коём. Ал эми бүгүн классикага басым жасап жатам.

Sumirock деген атка конгон диджей аял Токиодогу дискотекаларда өтө популярдуу.

Токионун тургуну:

Ал улгайган жашына карабай өзгөчө энергиялуу. Мындагы жаштардан кем калышпай, тең тайлаша музыка менен жарышып турат.

Ал эми диджей чоң эне, коомчулукка жакшы маанай тартууласам болгону дейт.

Сумико Ивамуро, диджей:

Мен жөн гана музыка менен ритмди туура тандоого аракет кылам. Анан мында келген жаштар ал музыканы жактырып, бийлешсе ошол мен үчүн жеңиш.

Техно стилиндеги музыка менен Сумико 70 жашынан бери алектенип келет. Ага чейин ал үй-бүлөлүк ресторанда ашпозчу болуп эмгектенчү.

Улгайган аял өзүнүн бул кадамы менен, кыялдарды орундатууга эч убакта кеч эмес экенин далилдеди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.