
Кыргызстанга бүгүн, 13-апрелде Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин келди.
“Манас” Эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Владимир Путин эртең, 14-апрелде Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.
Жыйын Кыргыз Республикасынын 2017-жылы Евразия экономикалык кеңешинин органына төрагалык кылуусунун алкагында өтөт.
- 14.04.2017