Визасы жана каттоосу жок жарандар Кыргызстандын аймагынан 1-мартка чейин чыгып кете алышат

Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар 2022-жылдын февраль айынын аягына чейин Кыргызстандын аймагынан визасы жана каттоосу жок чыгып кете алышат. Бул туурасында “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымата ылайык, 2022-жылдын 1-мартынан тартып аталган категориядагы жарандар тиешелүү документтерди (виза, каттоо) тариздеши керек. Антпесе, мамлекеттин аймагында жүрүү тартибин бузгандыгы үчүн айыппул төлөгөндөн соң, чыгуу визасы таризделгенден кийин гана чыгууга руксаат берилет.

Бул чечим Министрлер кабинети тарабынан чет мамлекеттер менен авиа, темир жол жана автоунаа каттамдары жандандырылгандыгын эске алуу менен кабыл алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.