Вице-спикер Касымалиеванын экинчи жыйынтыктоочу анализи да таза чыкты

ЖКнын төрагасынын орун басары Аида Касымалиеванын коронавируска карата тапшырылган экинчи анализи да таза чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Экинчи жыйынтыктоочу анализим да таза чыкты. Коронавирус жок. 14 күн үй карантини да бүгүн соңуна чыкты. Онлайн да көп жумуштарды аткарууга аракеттенип жаттым, эми алдыда – жумуш көп. Буйруса, баарыбыз биргеликте жеңебиз!»,-деди ал.

Буга чейин Германиядан иш сапарынан кайтып келген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дүйшалиев жана парламенттин жети кызматкери 14 күнгө үй карантинге алынышкан. Касымалиеванын айтымында, алардан коронавируска анализ алынып, алгачкы жыйынтыгы дагы таза чыккан болчу.

Чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандыктан коронавирус табылды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.