
Коронавирус табылган «РСК Банктын» кызматкерлери башка кесиптештери менен да, кардарлар менен да байланышта болгон эмес. Бул тууралуу аталган банктан маалым болду.
Маалым болгондой, «РСК Банктын»Бишкектеги кеңсесинин кызматкери өлкөгө ӨК жана ӨА киргизилгенден бери үйдөн иштеп жаткан. Андыктан, кесиптештери менен да, кардарлар менен да контактта болгон эмес. Бейтап учурда керектүү медициналык жардамдарды алып үйдө экендиги белгилүү болду.
Ал эми банктын Чаткалдагы филиалынын кызматкери учурда ооруканада дарыланып жатат. Андан башка банктын өкүлдөрүндө коронавирус жок.
Эске салсак, бүгүн, 8-май күнү Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев “РСК Банктын” эки кызматкеринен коронавирус илдети табылганын маалымдаган.
2020-жылдын 8-майына карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 906 учуру катталды.
650 адам айыгып, 12 адам каза болду.
- 08.05.2020