Википедияга 14 жыл. Онлайн-энциклопедия тууралуу 14 факт

15-январда Википедия интернет- энциклопедиясынын түзүлгөнүнө 14 жыл болду.Берген маалыматы үчүн эч кандай акы албаган онлайн-энциклопедия 2001-жылы Джимми Уейлс жана Ларра Сэнгер тарабынан негизделген. Ал эми кыргызча википедия 2002-жылдын 3-июнунда түптөлгөн.

1. Сиз Googlдан бир нерсени издегениңизде, эң биринчиден Википедиянын  энциклопедиясы чыгат. Эмнеге? Анткени Вики менен googlдын жетекчилеринин ортосунда келишим бар.

2. Википедияны колдонуучулардын активдүүлүгү аба ырайынан көз каранды. Эксперттердин изилдөөсүндө сыртта аба ырайы канчалык суук болсо, энциклопедияны ошончолук көп адам окуйт экендигин аныкташкан. Мындан улам Википедиянын колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү түндүк өлкөлөрүндө экендиги белгилүү болгон.

3. Википедия дүйнө жүзүн маалымат менен камсыздап турган компания болгону менен, каражат жагынан Фейсбуктан артта калат. Мисалга алсак, колдонуучулардын википедия үчүн ар жыл сайын чогулткан акчасы 75 миллион долларды түзөт. А бул сумманы Фейсбук бир күндө таба алат.

4. Википедия компаниясында болгону 280 кызматкер  эмгектенет.

5. Википедиянын «Hotel Wikipedia» деп аталган расмий гимни бар. Гимн The Eagles тобунун «Hotel California»  композициясынан көчүрүлүп алынган.

6. Википедия белгилүү адамдар тууралуу бир нече жолу туура эмес маалыматтарды тараткан. Мисалы, сенатор Тед Кеннединин, куудул Синбаддын жана ырчы Майли Сайрустун каза болгондугу тууралуу маалыматтар буга далил болот.

7. Бүгүнкү күндө Википедия 288 тилде жеткиликтүү. Булардын арасынан англис, швед, немис, нидерланд, француз, орус, италиян, испан жана вьетнам тилдеринде бир миллиондон ашуун макалалар бар.

8. Энциклопедияны колдонуучулардын арасында маалыматтардын анык эмес экендигине арыздангандары да бар. Бирок иликтөөлөр Википедияга ишенүүнү сунуштайт. 2005-жылы Википедия менен Британиянын эң авторитеттүү энциклопедиясынын ортосунда маалыматтардын аныктыгы боюнча анализ жүргүзүлүп, натыйжада экөө бирдей экендиги аныкталган.

9. 2007-жылы энциклопедияны негиздөөчүлөрдүн бири Ларри Сэнгер долбоорду таштап, өзүнүн Citizendium деп аталган онлайн-энциклопедиясын түптөгөн. Citizendiumдун Википедиядан айырмасы – жарыяланган маалыматтардын ишенимдүүлүгүндө болгон. Бирок эксперттердин текшерүүсүндө Ларри Сэнгердин энциклопедиясы өтө жай темп менен өнүгүп жаткандыгы аныкталган.

10. 2007-жылы Википедиянын көрүнүктүү администраторлорунун бири Райана Джордана алдамчылыкка шектелип кармалган. Essjay деген жашыруун ат менен жүргөн Джордан теология илимдеринин докторумун жана жеке университететте сабак берем деп  алдап жүргөн. Кийинчерээк анын католицизм тууралуу макалалары «Католицизм для чайников» деген китептен эле которулуп жүргөнү билинип калган.

11. Көпчүлүк колдонуучулар Википедияны акыркы, так аргумент катары колдонушат. Бирок долбоордун жаратуучулары энциклопедиянын баары эле туура эмес  экендигин  эскертишет.

12 Википедия пайда болгонго чейин дүйнөдөгү эң чоң энциклопедия кытайлык император Юнленин буйругу менен түзүлгөн сөздүк эсептелген. Ал 1407-жылы түзүлүп, 600 жыл жашап, узак убакытка сакталгандыгы боюнча рекорд койгон.

13. Википедиянын негиздөөчүсү болуп Джимми Уейлс саналат. Кызыгы, ал бул долбоорго келгенге чейин таптакыр башка тармакта эмгектенген.

14. Википедия сөзү гавайи тилинин “Вики” деген  термининен алынып, которгондо “тез” деген маанини берет.

 

 

 

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.