
Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги биздин өлкөнүн жарандары үчүн Шенген визасын бере баштайт. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Венгрияга жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө баруу үчүн документтерди берүү октябрда башталат.
Бул кыргызстандыктар үчүн виза алуу процессин абдан жеңилдетет деп күтүлүүдө.
Азыр республикада Шенген визасын каттоо менен жеке компания гана алектенет.
- 05.10.2021