Венесуэла: нааразычылык акциясында 13 жашар бала каза болду

Венесуэлада оппозициялык тараптын бийликке каршы нааразычылык акциясында 13 жаштагы өспүрүм каза болду. Маалым болгондой, ал башаламандык күчөгөн маалда окко учканы айтылууда. Мындай маалыматты оппозициялык партиянын депутаты твиттердеги баракчасына жарыялаган.

Анын билдирүүсүндө, “башкарып жаткан бийликтин куралдуу тарапташтары жаш баланы да айоосуз атып салышты”, – деп жазылган. Белгилей кетсек, Венесуэлада 4-апрелден бери бийликке каршы нааразычылык акциясы уланууда.

Оппозициянын билдирүүсүндө, учурдагы президент Николас Модуро бийликке келгенден бери экономикалык каатчылык күчөп, адам эркиндигине кысымдар көп жасалып жатат. Бул айыптоолорго карата өлкө башчы, “оппозиция АКШ менен ММКлардын жардамында мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетин көрүп жатат”, – деп билдирди.

Азыркы тапта, бийликке каршы нааразычылык акциясы башталган күндөн бери каза болгондордун саны 4кө жетип, ондогон кишилер жараат алганы аныкталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.