Ур-тепкиде калган окуучу кыз окуяны айтып берди

Интернеттеги окуучу кыздардын мушташкан видеосу тууралуу атайын иликтөө комиссиясы түзүлдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Ал ортодо 9-класстын окуучусун ур-тепкиге алды делген кыздардын энелери маалымат жыйын куруп, видеону соцтармакка тараткан колдонуучунун үстүнөн арыздана турганын билдиришти.

Видеодогу кыздар Кара-Суу районуна караштуу Ишкаван айылында жашашат. Ош шаарына келип окуган кыздардын мушташы шаар четиндеги Керме-Тоодо тартылган. Жабырлануучу – 9-класстын окуучусу. Ал видеого тартылып калган окуяны биринчиси эмес деди. Видеодогу учурда өспүрүм өзүнөн улуу кыздар менен учурашпагандыгы үчүн ур-токмокко кабылган.

“Биз мектептен келе жатсак, мага чалышты. Эки досум менен бардык. Анан бизди уруп кетишти, 6-март күнү болчу. Берки досторуму дагы кечирим сурайсың деп урушкан. 2003-жылкы дос кызым жолдо баратса, аны да тосуп алы, мен 2002-жылкымын мени сиз дегин деп аны да кечирим суратышкан”, -дейт жабырлануучу.

Өспүрүмдүн ата-энеси кызынын ур-токмокко кабылып жүргөнүн билген эмес. Окуучу кыз окуя интернетке тарагандан бери көпчүлүккө сүйлөбөй жүргөн.

“Өлтүрүп каналга ыргытып жиберем дешкенин апасына айтып бериптир.  Эми гана биз менен сүйлөшө баштады. Башым ооруду десе, биз аба ырайынан деп жүрө бериптирбиз”, – дейт жабырлануучунун атасы Бекжан Ражапов.

9-класстын окуучусун ур-токмокко алган деп 2 кыздын аты аталууда. Алар – Ош шаарындагы Манас жана Исхак Раззаков атындагы мектептин окуучулары. Окуяга катыштыгы бар делген кыздардын мугалимдери менен ата-энелери 17-майда маалымат жыйынга чогулушкан.Алар айыпталып жаткан Элина менен Сейилбүбүгө жалган жалаа жабылып жатканын айтышат.

Анда жаш кыздарды ур токмокко алган Элина менен Сейилбүбүгө карата жалаа жабылып жаткандыгын айтышты.

Бул окуя боюнча милицияга мурда арыз жазылган. Бирок ата-энелердин сунушу менен бул ишти атайын комиссия иликтей турган болууда.

Коомчулуктун талкуусуна түшүп, көпчүлүктүн көңүлүн бурган окуучу кыздардын мушташы жыл башынан бери экинчи ирет катталууда. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай фактылар көп учурда ачыкка чыкпай калат. Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштарды кыскартуу үчүн жаш өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлордун иши дагы каралышы мүмкүндүгү кабарланууда.

Текст: Марат Акимбек уулу

Видео: Нурсултан Абдыкерим уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.