Уолт Дисней жана Диснейленд тууралуу 15 кызык

«Уктап жаткан сулуу», «Сулуу кыз жана 7 эргежээл», «Бемби», «Винни Пух» жана башка толгон-токой кызыктуу мультфильмдер бар. Булардын баары наристелер эле эмес, чоң адамдардын да кызыгуусун арттырат. Аталган мультфильмдер Уолт Дисней(Walt Disney) студиясы тарабынан тартылган.

Бул компания 1923-жылдын 16-октябрында Уолт Дисней тарабынан анимациялык чакан студия болуп түзүлгөн. Учурда бир гана мультфильм, кинофильм тарткан эмес, бүткүл дүйнөнүн көңүл ачуучу тармактарында тамырын кенен жайган, эң көп кирешелүү компания болуп саналат. Ал өз кучагына 11 чоң эс алуу жайын, 2 аквапаркты жана бир нече телерадио байланыштарын камтыйт. Штаб-квартирасы Калифорнияда жайгашкан.

5-декабрь – мультфильмдер империясын түзгөн сүрөтчү, бизнесмен жана анимациянын падышасы Уолт Диснейдин туулган күнү. Ушул адамдын урматына 5-декабрь Уолт Дисней күнү болуп календарда белгиленип калган.

Уолт Дисней компаниясын(The Walt Disney Company) түзгөндөн кийин Уолт иниси экөө “Алисанын деңиздеги күнү” аттуу тасманы тартат. Андан кийин эле “Микки маус”, “Дональд Дак , “Бемби” мультфильмдери катар-катар чыга баштаган.

Жаңы Орлеанда Уолт Диснейдин атынан коюлган “Диснейленд”деген чоң эс алуу жайы бар.   Бактын так ортосунан “Клуб 33”деп аталган  клуб орун алган. Бул клубдун башкалардан өзгөчөлүгү келген конокторго алкоголдук ичимдик сунушташат жана дүйнөнүн эң бай адамдары гана кире алышат. Өтө кымбат бул жайга кирип, эч жерден көрбөгөн кызматтарга күбө болушат, клубдун мүчөсү болуу үчүн 14 жылдан бери кезек күтүп тургандар бар. Ал жерге киришиңиз үчүн  клубдун мүчөсү экениңизди тастыктоочу документ жана эсепсиз акчаңыз болушу шарт. Анткени ичиндеги кызматтар аябай эле кымбат.

Диснейленд эс алуу багы 1955-жылы ачылган. Ал жерден ресторандарды, дүкөндөрдү жана көз жоосун алган аттракциондорду кездештирүүгө болот.  Эң кызыгы, эс алуу багынын кызматкерлерине сакал-мурут коюп жүрүүгө катуу тыюу салынган. Мындай бекем чечимди эс алуу багынын негиздөөчүсү Уолт Дисней чыгарган жана анын өзүн да эч ким сакал же мурутчан жүргөнүн көргөн эмес. “Бакка келген конокторго саксайган, ирээттелбеген сакал-муруту менен суусундуктарды сунуштоону каалабайбыз”, – деген ал.

Уолт Дисней режиссерлук кылган мультфильмдердин көпчүлүгү чыныгы жашоодон алынып, дээрлик бардык каармандардын прототиптери болгон. Мисалга алсак, “Өрдөктөрдүн окуясы” мультфильми чыныгы жашоодо 1930-жылдары банктарды тоноп жана киши өлтүрүп күн кечирген топтун жашоосунан алынган.

Похожее изображение

Жаш кезинде Уолт Дисней гезитке сүрөт тартып ишке кирип, бирок көп өтпөй кайра сүрөт тартканга жөндөмү жок деген себеп менен жумуштан кеткен. Уолт андан кийин чөгүп калган эмес. Кайра күчөп иштеп, талбаган аракети менен генийлердин катарынан орун алып, мыкты сүрөтчү аталды.

Уолт өзү жараткан мультфильмдердин арасынан гифтер жөнүндөгү мультфильмди жактырчу эмес. Ошондой болсо да анын уландысын чыгарган. Анткени аниматорлорду жумуш менен камсыз кылышы керек эле.

Уолт Диснейдин компаниясы секундасына 1100 доллар иштеп табат.

Орландодогу Диснейленд – толук кандуу, кадимки шаар. Өзүнүн шаарын өзү башкаруу үчүн Дисней Флорида штатындагы мыйзам чыгаруу жыйынына кайрылып, колдоо тапкан.

Картинки по запросу диснейленд

Уолт жыл сайын майрамдарда үй кызматкерине Диснейдин акцияларынан берип турган. Натыйжада үй кызматкери миллиардер аялга айланган.

Көпчүлүк жактырып көргөн “Тарзан” мультфильми 1999-жылы жарыкка чыгып, 3,9 млрд доллар пайда алып келген.

Диснейленд эс алуу жайынын телевизиондук каналы эч кандай реклама же башка маалыматтарды бербейт. Өзүнө гана тиешелүү болгон көрсөтүүлөрүн жана жарнамаларын тартуулайт.

“Пинокионун окуялары” деген мультфильмдин бет ачаары учурунда уюштуруучулар куурчактай кийинген 11 эргежээлди жалдашкан. Бирок аладын кызматы үчүн тамак-ашына жетээрлик гана акча берип коюшкан эле. Күндүн экинчи жарымында коноктор жылаңач чуркап чыгып кетишкен эргежээлдерди көрүшкөн.

Чычкандардын көбөйүшүнүн алдын алуу үчүн түнкүсүн Диснейлендде көчөдө калган мышыктарга орун берилет. Мышыктарды кадимки үй жаныбарларына кам көргөндөй дарылап, тазалап-жуунтуп турушат.

Сыйкырдуу дүйнөнүн негиздөөчүсү Уолт Дисней Диснейленд багына адамдын ар бир 30 кадамынан кийин таштанды челектерди орноттурган. Анткени адам колундагы таштандыны 30 кадам баскана чейин гана кармап жүрө алаарын аныктап чыккан.

“Аладдин” мультфильминин жаратуучулары 200 млн доллар пайда көрүшкөнүнө карабай, Жиндин үнүн коштогондугу үчүн Робин Уильямс 75 миң гана доллар алган. Кийинчерээк Уолт Дисней актерго ыраазычылык катары “Пикассо”картинасын жиберген.

Картинки по запросу Робин Уильямс

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.