Унааларды каттоого март-май айларында 3-4 эсе жеңилдик берилет

Автоунааларды жарандардын өз атына каттатышына үч ай бою жеңилдик берилет. Март-май айларында жарандар транспорт каражатын 600-700 сомго өз атына өткөрө алат. Бул адаттагыдан үч-төрт эсе арзан.

Жакын арада ишке кире турган “Акылдуу шаар” долбоорунун талаптарына ылайык, ар бир унаа ээсине гана катталууга тийиш. Анткени, жол эрежесин бузгандыгы жана айып пул жөнүндөгү маалымдамалар  борборлоштурулган серверге киргизилет. Буга байланыштуу Мамкаттоо кызматы март айынан тартып айдоочуларга жеңилдик  берүү максатында  унааны ээсине өткөрүп алуунун баасын төмөндөтөт.

“Унааларды каттоого жеңилдик берүүдөгү негизги максат- жол кырсыктардын алдын алуу жана из жашырган айдоочулардын өздүгүн аныктоо. Унаа ээлери катталган аймактарына карабай, убактылуу жашаган жериндеги каттоо кызматынын бөлүмдөрүнө кайрылышса болот”,- дейт Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Усеин Касмалиев.

Касмалиев кошумчалагандай, унааны ээсине каттоо салыгы 600-700 сомду түзөөрү күтүлүүдө.

Өкмөттүн жаңы чыккан токтомун аткаруу бардык жарандарга милдеттүү эмес. Каалоочулар унааларын кайра каттоодон өткөрбөй коюшса деле болот. Бирок белгиленген үч айдан кийин каттоонун баасы жогорулайт.

Учурда унааларды кайра каттоо акысы анын чыккан жылына, кыймылдаткычтын  күчүнө жараша 2500 – 5000 сомду түзсө, нотариалдык кеңселерден ишеним катты алуу 700 – 1500 сомго жетет. Мындан улам өлкөдөгү 1 млн унаанын 50-60%ы ишеним кат менен жүрөт.

Текст: Таңкыз Эргешбаева

Гүлзара Бакаева

Оператор- монтажёр: Рустам Алымбаев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.