Улуулар үлгү сөз айтпай калдыбы? Видео

Интеллигент деген ким? Биздин кабыл алуубузда аны кантип сүрөттөй алабыз? Кээ бирөөлөр үчүн интеллигент коомдун алдыңкы өкүлү же жогорку билимдүүлөрдүн баары  болсо, айрымдары үчүн ишкерлер, бизнесмен же саясатчылар.

Кезинде, интеллигеция экиге бөлүнгөн.

Биринчиси, муундан-муунга  өтүп келген кесиптер – юристтер, темир устасы, мугалимдер.

Экинчиси, органикалык интеллигенция. Алар белгилүү бир күчтүн таламын талашкан ролго ээ. Интеллигенция деген – эч бир күчтү тааныбоочулук. Эч бир бийликке сыйынып калбай, коомдогу көйгөйлөрдү козгогон адам деп дагы айтылат.

Адистердин аныктоосу боюнча интелегенттердин коомдогу бедели барган сайын төмөндөөдө. Ошондуктанбы, саясий оор кырдаалдарда элитанын үнү анчейин жеткиликтүү эмес. Бирок бүгүнкү күндө биздин интеллигенция деп кимдер аталып жатат? Алар эмнеге үлгү сөз айтпай калды?  Саясий кырдаалдарда эмнеге үн катпайт?  “Чарпалек” телепрограммасынын кезектеги чыгарылышы ушул суроонун айланасында талкуу курду. Ага филология илимдеринин доктору, профессор Капар Зулпукаров жана жарандык активист, журналист Ыдырыс Исаков катышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.