Улуу Жеңишке 75 жыл: Аталардын эрдиги

Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш күнү. Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына 75 жыл толду.

Улуу Ата Мекендик согуш – 1941–45-жылы совет элинин фашисттик Германияга жана анын союздаштарына (Италия, Венгрия, Румыния, Финляндия, Япония) каршы Ата Мекенинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн адилеттүү күрөшү.

Дүйнөлүк үстөмдүккө жетүүнү көздөгөн фашисттик Германия 1941-жылы 22-июнда СССРге кол салган. Ал «Барбаросс» деп аталган планы боюнча Советтер Союзун бир нече жумада эле талкалап, 1941-жылдын кышына чейин СССРдин европалык бөлүгүн толук басып алмак. Адегенде эле фашисттик Германиянын 5,5 млн адамдан турган 190 дивизиясы Совет өлкөсүнө басып кирген.

Улуу Ата Мекендик согуш дүйнөлүк 2-согуштун (1939–45) маанилүү жана чечүүчү бөлүгү. Бул согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандыктар курман болгон.

Бүгүн биз Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөткөн бир нече баатырлардын өмүр таржымалын сиздерге сунуштайбыз.

Эрмекбай Мамадиев

Эрмекбай Мамадиев 1901-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Жар айылында төрөлгөн. 1942-жылы согушка өз эрки менен аттанган. Саратовдо оор жаракат алып, өзү төрөлгөн Ак-Жар айылында тылга жөнөтүлгөн. Коммунисттик партиянын мүчөсү, 12 уул, 4 кыздуу болгон. 1979-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги үчүн медаль менен сыйланган.

Мадумаров Садык

Мадумаров Садык Мадумарович 1921-жылы Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында төрөлгөн. 8 жашында мектеп босогосун аттап, 1933-жылы аяктаган. 1933-36-жылы мектеп интернатында окуп, 1939-жылы Ош айыл-чарба техникумуна тапшырган. 1941-42-жылы Чкалов атындагы аскердик окуу жайында окуган. 1942-44-жылдары согушка катышып, жаракат алган. 2-даражадагы орден менен сыйланган. Согуштан кайтып келгенден кийин бир топ мамлекеттик кызматтарда башкаруучу болуп иштеген. Кыргыз ССРнин депутаты, Ош облустук жергиликтүү кеңешинин бир нече жолку депутаты болгон. Садык Мадумаров узакка созулган оорудан улам 2006-жылы каза болгон.

Кудайбердиев Мурзакарим

Кудайбердиев Мурзакарим 1921-жылы 15-сентябрда Ноокат районунун Жал айылында төрөлгөн. 1942-жылы Советтик Армияга чакырылган. 1943-жылы катуу жаракат алып, айылына жөнөтүлгөн жана 1-даражадагы орден жана медаль менен сыйланган. 1963-жылы Кыргыз ССРнин 12-чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. Кудайбердиев Мурзакарим узакка созулган оорудан улам 1992-жылы 12-октябрда каза болгон.

Ошто Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди. Сүрөт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.