Улуу Жеңишке 72 жыл: бир жылда ардагерлердин саны 200гө азайды

Быйыл Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңишке 72 жыл болду. Ардагерлердин саны жыл өткөн сайын азайып келет. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинын ушул жылдын апрель айына карата берген маалыматында, Кыргызстанда болгону 640 согуштун ардагери калды.

Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң киши кетсе, анын 1 395и аялдар болгон.

Анын ичинен 160 миӊден ашыгы кайтпай калган. 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон.

Согушта 5 миӊден көп жоокердин дайын-дареги белгисиз бойдон калган. Жакында Орусиянын аймагында курман болуп, кайтпай калган 51 жоокердин сөөгү коюлган жери аныкталды.

Учурда согуш ардагерлерине ай сайын 7 миң сомдон компенсация, 3 миң сомдон президенттик стипендия,  дагы 7 миң сомдон кошума стипендия берилет. Жалпы болуп ай сайын 17 миң сомдон акча алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.