Улуттук спорт оюндарын ЮНЕСКОго киргизүү сунушталууда

Спорттун улуттук түрлөрү жана салттуу оюндарды ЮНЕСКОго киргизүү сунушталууда. Бул маселе бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште көтөрүлдү.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетовдун айтымында, 2016-жылдын 31-мартында “Көк бөрү – салттуу ат оюну” номинациясын Кыргызстандын атынан сунушташкан.

“Кыргызстан Эл аралык спорттук иш чаралардын демилгечиси болуп калды. Буга 2014-2016-жылдары өткөнүлгөн дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мисал боло алат. Мындан ары спорттун улуттук түрлөрүн жана салттуу оюндарды, элдик салттарды өнүктүрүү жана өркүндөтүү зарыл. Ошондуктан спорттун бул түрлөрүн ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүнү сунуштап жатабыз”,-деп белгиледи Бекманбетов.

Жыйындын соңунда сунушталып жаткан долбоор биринчи окуудан өттү. Эми бул маселе парламентте каралат.

Спорттун улуттук түрлөрүнө кыз куумай, ак чөлмөк, жоолук таштамай, ак терек, аркан тартыш, тогуз коргоол, ат чабыш, оодарыш жана улак тартыш оюндары кирет.

Сүрөт: kmb3.kloop.asia

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.