
Улуттук банк жакынкы айларда өлкөнүн экономикасын колдоого 5 млрд 250 млн сом бөлөт. Бул тууралуу аталган банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Төрага өлкө экономикасын колдоо Президенттин тапшырмасы боюнча ишке ашып жатканын маалымдады.
Антикризистик пландын алкагында көрсөтүлгөн каражаттар:
• 1 млрд сом айланма капиталга;
• 1,5 млрд сом айыл чарбасын каржылоого;
• 1 млрд сом микрокредиттик компанияларга;
• 750 млн сом (“Керемет Банк” аркылуу) орто жана чакан бизнести колдоого;
• 1 млрд сом Кепилдик фондунун уставдык фондун көбөйтүүгө бөлүнөт.
“Ошондой эле Президент Улуттук банктын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 2,5 млрд сом өлчөмүндө 100% кирешесин мамлекеттик бюджетти колдоого жөнөтүүнү тапшырды. Алардын ичинен 10%ы өлкөнүн каржы секторун колдоого резервдөөгө жумшалат”, – деп белгиледи Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.
- 10.05.2020