
Улукбек Марипов мектеп окуучуларына класстык саат өткөрөт. Бул тууралуу төрага социалдык түйүндөгү баракчасында билдирди.
Анда маалым болгондой, министрлер кабинетинин башчысы, 15 -сентябрда Чүй облусундагы мектептердин бирине барып, “Тынчтык сабагын” өткөрөт.
Марипов сабактарга министрлер кабинетинин башчысынын орун басарлары жана мүчөлөрү катышаарын жазган.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда мектептердеги сабактар 15 -сентябрда башталат.
- 14.09.2021